Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар Союзунун (TOВВ) Президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушту

2023-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар Союзунун (TOВВ) Президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түркия Республикасынан Кыргыз Республикасына ири инвестицияларды тартуу жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты. Ушуну менен бирге, Кыргызстандагы түрк компаниялары туш болгон көйгөйлүү маселелер боюнча дагы пикир алмашуу болду.

Ошондой эле, тараптар эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү максатында КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Темир Сариевдин TOВВнын Президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушуусун Түркияга жакынкы арада боло турган иш-сапарынын алкагында уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK