Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстандын түрдүү ЖОЖдорунда билим алып жаткан Кыргызстандын студент жарандары менен жолугушту

2022-жылдын 22-июнунда Элчиликте Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаевдин Өзбекстандын түрдүү жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Кыргызстандын студент жарандары менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Элчи М. Джаманбаев Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы Элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду.

Ошондой эле Элчи М.Джаманбаев студенттерди түрдүү маданий, анын ичинде келерки жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагындагы  иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Мындан сырткары, Элчи студенттердин көйгөйлөрүнө кызыгып, алардын сунуштарын угуп, суроолоруна жооп берди. Ал ошондой эле кабыл алуучу (жүргөн) өлкөнүн мыйзамдарын жана жүрүм-турум нормаларын сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

Студенттер, өз кезегинде, жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Элчи менен мындай кеңейтилген жолугушуу алгачкы жолу өтүп жатканын белгилешти. Ушуну менен катар, мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлө тургандыгына деген ишеним билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK