Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси Талантбек Кушчубеков жана «ТҮРКСОЙдун» Башкы катчысы Султан Раев Венгриядагы университеттерде билим алып жаткан студенттер менен жолугушушту

2022-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубековдун жана «ТҮРКСОЙдун» Башкы катчысы Султан Раевдин Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдөн келип, Венгриядагы университеттерде билим алып жаткан студенттер менен жолугушуусу болуп өттү.

Башкы катчы С.Раев «ТҮРКСОЙ» Түрк маданияты эл аралык уюмунун түрк элдеринин орток маданиятын илгерилетүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу билдирип, түрк маданиятын, искусствосун жана адабиятын мындан ары жайылтууга багытталган долбоорлор жана иш-чаралар жөнүндө маалымат берди. «ТҮРКСОЙдун» Башкы катчысы түрк тилдүү мамлекеттердин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоонун жана дүйнө жүзү боюнча жайылтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Т.Кушчубеков «ТҮРКСОЙ» тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чараларга Кыргызстандын маданият жана искусство ишмерлеринин, ошондой эле интеллигенция өкүлдөрүнүн катышуусун жогору баалап, Кыргыз Республикасы Уюмдун долбоорлоруна ар дайым колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер Элчиге жана Башкы катчыга аларды кызыктырган суроолорду бере алышты. Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдөн келген студенттердин Венгрияда болушу жана жашоосу, Венгриянын университеттеринде билим алуу формасы жана башка көптөгөн темалар боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK