Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары Адам Штифтер менен жолугушту

2022-жылы 3-августта Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын жаңы орун басары Адам Штифтер менен жолугушуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 11-августунан 14-августуна чейин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Венгрияда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү талкууланды.

Элчи Т.Кушчубеков А.Штифтерди Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары кызматына дайындалышы менен куттуктап, Ушул жылдын 11-августтунда Венгрияда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн ачылышына карата пландаштырылган гала-концерт Будапешттин музыкалык борборунда өткөрүлө тургандыгы тууралуу маалымат берди, анда белгилүү кыргыз музыканттары, «Камбаркан» кыргыз фольклордук-этнографиялык ансамбли, элдик ырчылар, комузчулар, манасчылар өнөрлөрүн тартуулашат, ошондой эле мода көргөзмөсү көргөзүлөт. Мындан тышкары, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин эмгектеринин көргөзмөсү дагы уюштурулат.

Өз кезегинде Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары А.Штифтер Кыргызстандын Венгриядагы Элчилиги менен мындан ары биргелешип иш алып барууга даяр экендигин билдирип, Венгрияда Кыргызстандын Маданият күндөрүн белгилөөгө венгр тараптын катышуусун ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK