Кыргызстандын Япониядагы Элчиси Мирлан Арстанбаев Япония Парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты Эндо Тосиаки менен жолугушту
2022-жылдын 14-апрелинде кыргыз тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев менен Япония Парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты Эндо Тосиаки менен жолугушуу болуп өттү.
Тараптар социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөгө арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду.
М.Арстанбаев эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун, Кыргыз Республикасы менен Япониянын парламентарийлеринин эки тараптуу иш сапарларын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.