Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, Жогорку Кеңештин депутатынын билдирүүсүнө Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынын аймагынан массалык түрдө чыгарылып жатат деген маалыматка байланыштуу, төмөнкүдөй жооб берет

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, Жогорку Кеңештин депутатынын Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагынан массалык түрдө чыгарылып жатат деген билдирүүсүнө байланыштуу, төмөнкүнү маалымдайт.

Россиянын  аймагында камактан бошотулган, ошондой эле алардын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген чет өлкөлүк адамдарды жана жарандыгы жок адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарын массалык түрдө депортациялоо жана чыгаруу фактысы катталган эмес.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 15-июнундагы  Россия Федерациясынын  Президентинин №364 «Жаңы коронавирус (COVID-19) инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу   Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен 2021-жылдын 30-сентябрына чейин чет өлкөлүк адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга карата Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынбайт.

Крнын РФдагы Элчилигинин башкы консулдуктарынын жана канцелярияларынын маалыматы боюнча июль айында жалпысынан Россиянын бардык региондору боюнча КРнын 18 жараны чыгарылган.

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө Москва облусунун Сахарово айылындагы Чет өлкөлүк адамдарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоочу борбордо (ЦВСИГ) КРнын 9 жараны кармалып турат. Алардын ичинен, КРнын 5 жараны РФнын мыйзамдарына ылайык 25-июлда жөнөтүлөрүн, калгандары август айынын башында жөнөтүлөрүн белгилейбиз (соттун чечими күчүнө киргенден кийин). Ошону менен бирге, 1 жаран убактылуу баш калкалоо тууралуу чечим кабыл алынганга чейин кармалат.

23-июлдагы абал боюнча 2021-жылдын 12-июлундагы “Кузьминки” метросунда болгон окуя боюнча Москва шаарынын Россиянын ИИМнин Башкы Башкармалыгы тарабынан административдик камака алынган жарандарды кармоочу атайын жайда КРнын 65 жараны кармалып тургандыгын кошумча маалымдайбыз.

Ошону менен бирге, учурда Россиянын компетенттүү органдары тарабынан чет өлкөлүк жарандардын Москва шаарынан Кузьминки метросундагы массалык мушташына катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш чаралары улантылып жаткандыгын белгилейбиз.

Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери РФнын аймагында укуктуу тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багыталганын белгилей кетүү зарыл.

Бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө турат жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK