Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн дагы бир жолу дары-дармектерди Саламаттык сактоо министрлигине жөнөттү

2020-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тапшырмасынын алкагында Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн дагы бир жолу дары-дармектерди Саламаттык сактоо министрлигине жөнөттү.

Салмагы 500 кг. ашык дары-дармектер EXPO KYRGYZSTAN - EURASIA 2021" көргөзмөсү учурунда, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилиги Пакистандан Кыргызстанга жүктөрдү жеткирүүгө көмөктөшкөн "Авиатрафик" авиакомпаниясына, ошондой эле көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн “Salbion” компаниясына терең ыраазычылыгын билдирет.

Элчилик Ковид-19 вирусуна каршы күрөшүүдө гуманитардык жардамды тартуу боюнча жигердүү ишти уланта берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK