Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилиги Болонья шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого катышты

2021-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилиги Болонья шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого катышты.

Майрамдык иш-чарага Болонья, Казерта, Милан, Неаполь жана Рим шаарларында, ошондой эле Сардиния аралында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катышты.

«Маджоре» аянтында Элчи Т.Базарбаев, Болонья шаарынын вице-мэри М.Ломбардо, Болоньядагы кыргыз диаспорасынын лидери Н.Төлөбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен башка активисттери куттуктоо сөзүн айтышты.

М.Ломбардо менен болгон жолугушууда ушул жылдын күзүндө Элчи Т.Базарбаевдин Болонья шаарына, Болонья шаарынын мэри, Болонья университетинин ректору, Эмилия-Романья аймагынын, ошондой эле соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушу өткөрүү үчүн жумушчу иш-сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Иш-чаранын коноктору үчүн Италия Республикасында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Манас айтып, комуз чертип жана Кара-жорго улуттук бийин, ошондой эле кыргыз фольклорунун чыгармаларын аткарышты. Концерттик программанын аягында Болоньянын борбордук көчөсү менен расмий кабыл алуу болгон жерге чейин майрамдык жүрүш болду.

Болоньядагы диаспора тарабынан уюштурулган кабыл алууда элчилик тарабынан көркөм көргөзмө жана кыргыз диаспорасы, ошондой эле италиялык коноктор үчүн Кыргызстан тууралуу тасма көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда Элчиликтин демилгеси менен биринчи жолу Италия Республикасынын аймагындагы бардык диаспоралык уюмдардын лидерлеринин катышуусунда тегерек стол уюштурулду.

Кыргыз жарандарынын Италияда жашоосунун актуалдуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында, өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жана кыргыз диаспорасынын жана Элчиликтин катышуусу менен ар кандай иш-чараларды уюштурууга багытталган Кызматташуу жөнүндө Декларацияга кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK