Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлү А.Касымалиева Юта штатынын Университетинде лекция окуду

2023-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Юта штатынын Университетинде “Кыргызстан тарабынан БУУда тоо күн тартибин илгерилетүү: Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы” деген темада лекция окуду.

Өз сөзүндө Туруктуу өкүл Аида Касымалиева келген профессордук-окутуучулар курамына жана студенттерге Кыргыз Республикасынын тоолуу күн тартибин, анын ичинде эл аралык коомчулуктун тоолуу өлкөлөр туш болгон көйгөйлөр боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана бул чакырыктарды чечүү боюнча эл аралык аракеттерге жаңы дем берүүгө багытталган Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы демилгесин илгерилетүү боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, ал 2027-жылы Бишкекте «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландалып жатканын кабарлады.

Туруктуу өкүл Аида Касымалиева Юта штатынын университети менен Кыргыз Республикасынын академиялык мекемелеринин Америка Кошмо Штаттарында жана бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунда тоолорду туруктуу өнүктүрүүнү ишке ашырууга басым жасоо менен биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуудагы жемиштүү кызматташтыгын белгиледи. Аида Касымалиева Юта штатынын университетинин Тарых жана саясат таануу факультетине тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө биргелешип пропагандалоодо өз студенттеринин кыргызстандык студенттер менен кызматташуусун кубаттаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Студенттердин кызыгуу менен окуусуна жана бул демилгени студенттик клубдар аркылуу ишке ашырууга тартууга негизделген инклюзивдүү билим берүү моделин иштеп чыгуу кызматташуунун маанилүү кадамдарынын бири болду.

Лекциянын соңунда билим берүү программалары аркылуу тоолорду туруктуу өнүктүрүүнү биргелешип илгерилетүү максатында Юта штатынын университети, Кентукки штатындагы Асбури университети жана Ош технологиялык университетинин ортосундагы үч тараптуу өнөктөштүктүн инаугурациясы болду. Үч университеттин студенттери Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2003-жылдагы резолюциясына ылайык жыл сайын 11-декабрда дүйнө жүзүндө белгиленүүчү Эл аралык тоо күнүн биргелешип майрамдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK