БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга тез технологиялык өзгөрүүлөрдүн таасири жөнүндө жогорку деңгээлдеги тематикалык дебаттарга катышты

2020-жылдын 11-июнунда, БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-сессиясынын Президенти Тижани Мохаммед Бандинин демилгеси боюнча уюштурулган, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга тез технологиялык өзгөрүүлөрдүн таасири жөнүндө жогорку деңгээлдеги тематикалык дебаттарга катышты. Бул иш-чаранын негизги темасы тез технологиялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен туруктуу өнүгүү максаттарын жүзөгө ашырууда БУУнун, көп тараптуу институттардын жана башка кызыкдар тараптардын иши жөнүндө маалыматтарды жайылтуу болду.

Иш-чарага БУУнун Башкы ассамблеясынын 74-сессиясынын Президенти Тижани Мохаммед Банде, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш, БУУнун экономикалык жана социалдык кеңешинин төрагасы Мона Юул.     Ошондой эле Соода жана өнүктүрүү жана жеке түзүмдөр боюнча БУУ конференциясынын Электро-байланыш эл аралык союзунун өкүлдөрү.

БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш БУУга мүчө өлкөлөр үчүн сунуштар менен технология жаатында кызматташууну өнүктүрүүнүн «Жол картасын» тааныштырды. БУУнун башка лидерлери адам укуктарын сактоо менен санариптик теңсиздикти жеңүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева технологияны жайылтуу жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул багыттагы маанилүү маселелердин бири бул туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу үчүн долбоорлорго карызды конвертациялоо механизмин киргизүү менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тышкы карызын реструктуризациялоону аныктады. Ошондой эле, М.Молдоисаева Кыргызстанда төмөнкү долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгы жана жаңы жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жайылтуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун улантылышы жөнүндө маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK