Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасына кезектеги гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а., Премьер-министри Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүсүнүн, ошондой эле жакында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Өзбекстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө 2020-жылдын 15-ноябрында, COVID-19 коронавирусунун жайылышына каршы күрөшүүдө Кыргызстандын күч-аракеттерин колдоо максатында Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасына кезектеги гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
Гуманитардык жардамдын курамына 100 000 бир жолу колдонулуучу кол кап, 10 000 бир жолу колдонулуучу коргоочу комбинезондор, 2000 көз айнек, 100 000 бир жолу колдонулуучу бет кап, 1000 даана гепарин, 10 000 даана COVID-19 вирусун алдын алуу үчүн топтом, вирусту аныктоо үчүн 10 000 даана тест, 5000 даана ремдисевир, 4000 даана натрий хлору, 62 160 даана бир жолу колдонулуучу шприцтер жана 20 000 даана тутумдар кирди. Мындан тышкары, эки модульдук, технологиялык ооруканалардын курулушу башталды.
Жакынкы күндөрү дагы бир гуманитардык жардамды - 400 атайын оорукана контейнерлерин жана 3000 тонна буудайды темир жол аркылуу жөнөтүү пландалууда.
Кыргыз тарап көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалап, боордош Өзбекстан элине өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу иш-чараларынын алкагында кезектеги колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK