Кыргыз Республикасынын БУУга караштуу Нью-Йорктогу Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн пресс-релизи

2020-жылдын 26-июнунда БУУнун Уставына кол коюлгандыгынын 75 жылдыгына арналган салтанаты болуп өттү. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73/299 резолюциясына ылайык, бул окуя БУУнун 75 жылдыгына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп калды.

Бул азем БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын Президенти Тиджани Мухаммед-Банде, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Президенти - Франциянын Тышкы иштер Министри Жан-Ив Ле Дриан, БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин Президенти Мона Жуул жана БУУнун Эл аралык Сотунун Төрагасы Абдулгави Ахмед Юсуф тарабынан видеоконференция түрүндө өттү.

Жылдыкка байланыштуу билдирүүсүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюму глобалдык тынчтыктын жана коопсуздуктун, талаштарды жана жанаша жашоонун, мамлекеттердин суверендик тең укуктуулугун жана мамлекеттердин демократиялык башкаруусунун ишенимдүү кепилдиги бойдон калаарын өзгөчө белгилеп, Кыргыз Республикасынын БУУнун Уставына бекем кармангандыгын тастыктап, БУУнун 75 жылдыгын майрамдоонун алкагында, көптөгөн көйгөйлөргө, анын ичинде COVID-19 пандемиясына карабастан, биз каалаган келечекти курууда көп тараптуучулуктун ролу жөнүндө глобалдык талкуу жүрүп жаткандыгына канааттануу билдирди.

Министр Чыңгыз Айдарбеков ошондой эле бүгүнкү күндө адамзат жаңы глобалдык көйгөйлөргө туш болуп жаткандыгын, анын эң олуттуусу климаттын өзгөрүшү, гуманитардык жана миграциялык кризис, жакырчылыктын өсүшү, теңсиздиктин күчөшү, 2030-жылдардын Туруктуу өнүгүү максаттарын маанилүү экендигин белгилеп, аны Кыргыз Республикасы ишке ашыруу боюнча 2020-жылдын 16-июлунда Улуттук ыктыярдуу серепти сунуштаганын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK