Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Акыркы жылдары биргелешкен күч-аракеттерибиз менен биздин эки өлкөнүн жана эки элдин ортосундагы боордоштук, достук жана жакшы коңшулук мамилени мындан дагы бекемдөөгө жетиштик. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түзүлгөн жана жигердүү өнүгүп жаткан стратегиялык өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы эки өлкөнүн өсүп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн бекемделе берерине күмөнүм жок», — деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоо телегаммасында

Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык, береке жана бакубатчылык каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK