Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин көмөгү менен Кыргыз футбол союзунун Президенти М.Сыдыков башында турган делегациясынын Италияга жумушчу сапары уюштурулду

2023-жылдын 24-январынан тартып 25-январына чейин Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин көмөгү менен Кыргыз футбол союзунун Президенти М.Сыдыков башында турган делегациясынын Италияга жумушчу сапары уюштурулду.

2023-жылдын 25-январында Рим шаарында Италиянын футбол федерациясынын Президенти Г.Гравина жана федерациянын эл аралык кеңсесинин Башчысы Д.Филаккионе менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө эки мамлекеттин Футбол федерацияларынын ортосунда футболду өнүктүрүү жана жайылтуу максатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бул өз ара аракеттенүү эки тараптын расмий өкүлдөрүнүн, техникалык эксперттеринин, машыктыруучуларынын, калыстарынын, оюнчуларынын мелдештерге, окуу курстарына, семинарларга жана конференцияларга катышуусу, спорт илими жана медицина тармагында техникалык кадрларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу, спорттук курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо жана башкаларды камтыйт.

Ошону менен бирге, кыргызстандык делегация үчүн Италиянын футбол федерациясынын уюштуруу түзүмү жана ишмердүүлүгү боюнча кеңири презентация уюштурулуп, тажрыйба жана уюмдарды башкаруунун эффективдүү ыкмалары алмашуу болду. Футзал, аялдар жана пляж футболу, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн футбол сыяктуу дисциплиналар боюнча футбол федерацияларын өнүктүрүү боюнча концепциялар жана программалар талкууланды.

2023-жылдын 25-январында италиялык тараптын чакыруусу боюнча кыргыз делегациясы Тоскана чөлкөмүнүн Флоренция дөңсөөлөрүнүн этегинде жайгашкан Италиянын футбол федерациясынын «FIGC Centro Tecnico Federale di Coverciano» борбордук машыгуу базасына жана техникалык штабына барып, Борбордун директору М.Франчини жана Италиянын футбол боюнча машыктыруучулар ассоциациясынын Президенти Р.Уливьери менен жолугушту.

Кыргызстандын футбол союзунун өкүлдөрү 1958-жылдан бери футбол боюнча билимдер калыптанган жана которулуп келген, дүйнөлүк футбол адистерин даярдоо курстары өтүп жаткан дүйнөгө белгилүү «Коверчиано борборунун» ишинин фундаменталдык принциптери менен кеңири таанышты. Тараптар эки футбол федерациясынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелерин ортого салышты. Жолугушуунун жыйынтыгында М.Франчини жана Р.Уливьери футбол боюнча окуу-машыгуу процессин уюштуруу боюнча алдыңкы италиялык тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстанга келүүгө чакырылды.

Кыргызстандын футбол союзунун Италияга болгон жумушчу сапары Флоренция шаарынын Мэринин социалдык өнүктүрүү жана спорт боюнча кеңешчиси Н.Арментано жана легендарлуу италиялык футболчу Паоло Росси атындагы Футбол академиясынын жетекчиси А.Каппеллетти менен жолугушуусу менен аяктады. Кыргызстандын футбол академиялары менен мүмкүн болгон кызматташтыкты түзүү маселелери, академиянын методологиясына ылайык кыргыз жаш футболчулары жана машыктыруучулары үчүн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү окуу курстарын уюштуруу, ошондой эле Флоренция шаарынын Мэриясынын катышуусу менен маданият жана спорт тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK