Кыргызстандын Озбекстандагы Элчилигинин колдоосу менен Озбекстанга майда муйуздуу малдарды экспорттоо башталды

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин активдүү колдоосу менен «Кей Эм Джей» (Кыргыз Республикасы) жана «YOSHG’AYRAT AGRO» (Өзбекстан Республикасы) компанияларынын ортосунда кол коюлган 1,2 млн. АКШ доллар суммасындагы Өзбекстан Республикасына ири жана майда мүйүздүү малдарды экспортто контрактысына ылайык 2019-жылдын 6-декабрында “Достук-автожол” көзөмөлдөө-өтүү өтмөгү аркылуу майда мүйүздүү малдын Өзбекстан Республикасына экспорту башталды.

Андан сырткары, 1 млн. АКШ доллар суммасындагы контрактын негизинде Өзбекстан Республикасына картошканын экспорту башталып, жакынкы аралыкта алманын экспортунун башталуусу күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK