Бүгүн, 2021-жылдын 28-майында, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргыз Республикасына расмий иш-сапары менен келди

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча, 2021-жылдын 28-майында Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргыз Республикасына расмий иш- сапары менен келди.

Эки күндүк иш-сапардын алкагында Казакстандын тышкы иштер министринин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р. Казакбаев менен жолугушулар, ошондой эле Ата-Бейит мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу жана башка маданий иш-чаралар пландаштырылууда.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, регионалдык коопсуздук жана чек ара кызматташтыгында, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан көп тараптуу өз ара аракеттенүүдөгү кыргыз-казакстандык кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана кыргыз-казакстандык мамлекеттик чек арасынын жүк ташуучуларынын тоскоолдуксуз өтүүсүн ишке ашыруу маселелерине  өзгөчө көңүл бурулат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK