Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын (ТКБ) башчысы Владимир Воронков менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 4-мартында Ташкент шаарында «Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия үчүн Терроризмге каршы глобалдык стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттер планынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтыгы» темасына арналган Жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын алкагында Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын (ТКБ) башчысы Владимир Воронков менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасындагы терроризмге каршы программаларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле Афганистандагы окуялардын Борбордук Азиядагы коопсуздукка мүмкүн болуучу таасирин талкуулоо болду.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы Кыргызстан БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын колдой турганын ырастап, 2023-2028-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча жаңы программаны иштеп чыгууга Кыргызстандын компетенттүү органдарына техникалык жана эксперттик жардамды тартуу маселеси боюнча БУУ менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Министрдин орун басары А.Мадмаров В.Воронковго ТКБнын программаларын жана долбоорлорун Кыргыз Республикасында ишке ашырууга көрсөткөн жеке колдоосу, Бишкек шаарында жайгашкан БУУ ТКБнын Борбордук Азиядагы аймактык координатору Мурад Тангиевдин активдүү аракеттери үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле анын ыйгарым укуктарын кеңейтүү мүмкүнчүлүгү боюнча кыргыз тараптын сунуштары камтылган Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин катын тапшырды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө БУУ ТКБнын кароосуна Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштары берилди.

Өз кезегинде В.Воронков БУУ ТКБ жана Кыргызстандын терроризмге каршы аракеттенүү боюнча кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалап, ошондой эле БУУ ТКБ менен Кыргызстандын ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча тыгыз байланыштарды улантууга даяр экендигин ырастады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK