Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин демилгеси боюнча КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун РФнын Тышкы иштер министринин орун басары А.Руденко менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү

2020-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин демилгеси боюнча КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун РФнын Тышкы иштер министринин орун басары А.Руденко менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россия Федерациясына боло турган сапарынын программасын, ошондой эле Москва шаарынын Чоң театрында Кыргызстандын Жылынын салтанаттуу ачылышы тууралуу маселелерди талкуулашты. 

Маселенин актуалдуулугун белгилөө менен, Элчи россия тарабына Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын кыргызстандагы Кайчылаш жылынын алкагында Россия Федерациясынын аймагында иштеп жатышкан КРнын жарандарын үчүн “миграциялык мунапыс” өткөрүү боюнча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен кайрылды.

Соода-экономикалык багыт боюнча Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын, Екатеринбург шаарында Аймауктар аралык конференцияны өткөрүү маселеси жана Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку Нарын каскад долбоорлорун кайрадан жандандыруу мүмкүнчүлүгү каралды.

         Кыргызстандын туристтик шарттарынын өркүндөтүү максатында россия тарабы РФнын кеңири эксперттик чөйрөлөрүнүн тартуу менен экономикалык багыттар боюнча пикир алышуу аянтчаларын,  ишкердик форумдарды, пресс-конференцияларды өткөрүү тууралуу КРнын РФдагы Элчилигинин демилгесин колдоду. Бул иш-чаралардын максаты миграция, транспорт, айыл чарба, туризм, энергетика, тоо кен өндүрүү тармактарындагы ЕАЭБнын алкагында КРнын мүмкүнчүлүктөрүн жана шарттарын талкуулоо болуп саналат.

Кыргыз-россиялык стратегиялык кызматташууну өстүрүү боюнча эки өлкөнүн Президенттеринин, Премьер-министрлеринин, Парламент спикерлеринин жана өкмөт мүчөлөрүнүн денгээлдеринде байланыштарды күчөтүү зарылдыгын эки тарап тең белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK