Чүй облусу менен Хэнань провинциясынын, Токмок жана Шанцю шаарларынын жетекчилигинин онлайн жолугушуусу болуп өттү

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы региондор аралык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчилигинин көмөгү менен 2022-жылдын 15-июньунда Чүй облусу менен Хэнань провинциясынын, Токмок жана Шанцю шаарларынын жетекчилигинин онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Бактыгулова, Хэнань провинциясынын Эл Өкмөтүнүн Тышкы иштер боюнча кеңсесинин Жетекчиси Лян Цзеи, Кытай Эл Республикасынын КРдеги Элчилигинин Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ли Баоце, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары С. Кыдыкеев, Шанцю шаарынын Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин жетекчисинин орун басары Лян Ваньтао, Токмок шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А. Сулайманов, ошондой эле кытай компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Элчи К.Бактыгулова Кыргызстан менен Кытайыдын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүү, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү бийлик жетекчилери өз шаарларын тааныштырып, инвестициялык, туристтик жана экспорттук потенциалы, маданий-тарыхый кооз жерлери жана шаарлардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат беришти.

Тараптар кыргыз-кытай аймактык кызматташуу маселелерин жана шаарлардын ортосунда боордоштук мамилелерин орнотуу келечегин талкуулашты, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын региондорунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү эки тараптуу мамилелердин маанилүү бөлүгү болуп саналат деген бирдиктүү пикирде болушту. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK