Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын Соода, өндүрүш жана айыл-чарба палатасынын Президенти Голамхосейн Шафеи менен жолугушту

2021-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси Турдакун Сыдыков жана Ирандын Соода, өндүрүш жана айыл-чарба палатасынын (Соода-Өндүрүш Палата) Президенти Голамхосейн Шафеинин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда, Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыков Кыргызстан жана Иран мамилелеринин приоритеттүү багыттары болгон соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Элчи Т.Сыдыков Кыргызстан жеңилдетилген инвестициялык саясат жана ыңгайлаштырылган мыйзамдары менен чет элдик инвесторлор үчүн эң эле жагымдуу мамлекет экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык 2017-жылдан тартып Иран жарандары үчүн Кыргыз Республикасына кирүү үчүн “туризм” жана “ишкердик” категориядагы визалары жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилээрин белгиледи.

Ошондуктан, Кыргыз Элчиси Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун чет элдик инвесторлорго Кыргызстандын аймагында ири жана чакан ГЭСтерди курууга өз салымдарын кошуу жөнүндө кайрылуусун айтып өттү.

Андан сырткары, эки мамлекеттин транспорттук-транзиттик потенциалын эффективдүү колдонуу жана ирандын «Бендер-Аббас», «Чабахар» деңиз портторунун жүк ташууну өнүктүрүү, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн арттыруудагы мүмкүнчүлүктөрүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Айыл чарба, кайра иштетүү жана туризм тармагында кызматташуунун артыкчылыктуулугу белгиленди.

Элчи Т.Сыдыков маектешинин көңүлүн эки мамлекеттин борборлорунун ортосундагы аба каттамын ачуунун маанилүүлүгүнө бурду жана түз аба каттам туристтердин жана ар кайсыл тармактардагы бизнес-делегациялардын көбөйүшүнө салым кошоорун белгиледи.

Ушул өңүттө, Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыков жеке жана мамлекеттик компаниялардан турган иран инвесторлорунун кароосуна жана изилдөөсүнө англис тилине которулган Кыргызстанда ишке ашырылчу 50 инвестициялык долбоорду иран тарапка тапшырды.

Өз кезегинде, Ирандын Соода-Өндүрүш Палатасынын Президенти Г.Шафеи Кыргызстандын суу жана табигый ресурстарга бай экендигин жогору баалады жана ушул өңүттө иран тараптын Кыргызстан менен айыл-чарба. тоо-кен өнөр жай жана жол куруу тармактарында эки тарапка пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле, Г.Шафеи иран тарап Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразиялык Экономикалык Биримдиктин мүчөсү катары жана Евробиримдик өлкөлөрүнө товарларды төлөмсүз экспорттоо үчүн «ВСП+» макамынын ээси катары аймактагы маанилүү соода-логистикалык борбор катары таанырын билдирди.

Жолугушунун жыйынтыгында, тараптар жакынкы мөөнөттө иран ишкерлери жана дараметтүү инвесторлор үчүн Ирандын Соода-Өнөр-жай Палатысынын базасында Тегеран шаарында Кыргызстандын аймагында ишке ашырылчу инвестициялык долбоорлор менен тааныштыруу иш-чарасын уюштуруу жөнүндө келишишти. Ошондой эле, 2022-жылдын башында эки мамлекеттин ири компанияларынын катышуусунда кыргыз-иран бизнес-форумун өткөрүү жөнүндө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK