Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиев менен жолугушуусу болуп өттү

2020-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиев менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн министрликтеринин координацияланган жана натыйжалуу ишинин натыйжасында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө олуттуу оң динамика бар экендигин белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген келишимдерди талкуулашып, тез арада практикалык иш-чаралардын планына (Жол картасына) кол коюу зарылдыгын белгилешти.

Өзбек тарап кайра иштетүү чөйрөсүндө, мөмө-жемиш,текстиль продукцияларын, айыл чарба техникаларын, курулуш материалдарын биргелешип экспорттоодо жана фармацевтика жаатында соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга даяр экендигин билдирди.

Мультимодалдык ташууну өнүктүрүү максатында транспорттук-логистикалык тармакта, Ош шаарында логистикалык борборду куруу боюнча кызматташтыкты улантууга, ошондой эле Ош-Сарыташ-Иркештам  жолунун айрым участокторун реконструкциялоого өзбек тараптын катышуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгуу билдирилди.

Ошондой эле, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш маселелерин активдештирүү маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, туризм жаатында кызматташууну өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын жана чек ара аймактарынын башчыларынын Кеңешинин отурумун эртерээк өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK