Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук ЫйгарымУкуктууЭлчиси Кубанычбек Омуралиевдин Анкара шаарынын Мэри Мансур Яваш менен жолугушуусу болуп ѳттү

2019-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук ЫйгарымУкуктууЭлчиси Кубанычбек Омуралиевдин Анкара шаарынын Мэри Мансур Яваш менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Тараптар Бишкек-Анкара шаарларынын ортосундагы достук жана боордоштук байланыштардын ар түрдүү чөйрөлөрдө кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгын белгилеп, Бишкек жана Анкара шаарларынын ортосунда боордоштук мамиле түзүү тууралуу сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүштү.

Жолугушууда Анкаранын борборунда улуу жазуучу “Ч.Айтматов” атындагы паркын ачуу жана элесине арналган эстелик тургузуу макулдашылды.

Экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризмди өнүктүрүү, Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара агымын жана бизнес-коомчулугунун түздѳн-түз байланыштарын түзүү үчүн, Элчи К.Омуралиев Бишкек жана Анкара шаарларынын ортосунда түз аба каттамын ачуу максатка ылайыктуулугун белгиледи жана М.Явашты Кыргызстанга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK