Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 6-Саясий департаментинин директору Э.Өмүралиевдин Португалиянын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу консулу, “Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдар клубунун” президенти Ч. Алканов менен жолугушуусу болуп өттү

Ушул жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 6-Саясий департаментинин директору Э.Өмүралиевдин Португалиянын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу консулу, “Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдар клубунун” президенти Ч. Алканов менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдары менен экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча тыгыз кызматташтыкты орнотуу максатында өткөрүлдү. Э.Өмүралиев белгилегендей, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин ардактуу консулдары Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдары сыяктуу эле КРнын чет өлкөлөрдөгү элчилери жана башкы консулдары, Кыргыз Республикасынын алдыңкы бизнес-ассоциациялары жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен катар экономикалык дипломатиянын катализатору, маанилүү "жол көрсөтүүчүсү" болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономикалык дипломатия маселелерин илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ардактуу консулдар клубу менен мүмкүн болгон кызматташтыгынын келечегин талкуулашты жана кызыкдар экономикалык министрликтеринин/ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин бизнес-ассоциацияларынын жана ишкерлер чөйрөлөрүнүн жолугушууларын уюштуруу үчүн B2B жана G2B форматындагы ар кандай диалог аянтчаларын түзүү, маалымат алмашуу боюнча байланыш орнотуу аркылуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык байланыштарын жана экономикалык дипломатия маселелерин мындан ары өнүктүрүүнүн жана илгерилетүүнүн алкагында тыгыз өз ара аракеттенүүнү түзүү тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK