Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолукту

2021-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана «Айтыш» коомдук фонду тарабынан уюштурулган, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана атактуу казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган XIV «Айтыш» Эл аралык акын-импровизаторлордун сынагына катышуу үчүн Бишкекке келген Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолукту.

Жолугушууда Д.Кыдырали кыргыз тарапты Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана күчтүү мамлекетти жана адилеттүү коомду курууда мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Түрк академиясынын Президенти Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине Академиянын учурдагы иштери жана долбоорлору, жакынкы келечектеги пландары, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты тереңдетүү боюнча маалымдады.

Кыргыз тышкы саясат мекемесинин башчысы Түрк академиясынын түрк дүйнөсүн изилдөө боюнча ишмердүүлүгүн жогору баалады жана боордош түрк тилдүү мамлекеттердин бай мурасын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун алкагында Түрк академиясынын кезектеги илимий эмгектери тартууланды: кыргыз тилинде жарык көргөн Тагай бий (Мухаммед Кыргыз), Жамбыл Жабаев (тандалган чыгармалар), ошондой эле тарыхый-маданий атлас «Түрк дүйнөсү». Түрк академиясынын Алматыда Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына жана Нур-Султанда Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү ниети талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK