Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евросоюздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү, Европа Комиссиясынын Вице-президенти Жозеп Боррель менен жолугушту

2022-жылдын 12-мартында Анталья шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Евросоюздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү, Европа Комиссиясынын Вице-президенти Жозеп Боррель менен жолугуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө ар кандай тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, КР-ЕБ жана ЕБ-Борбордук Азия деңгээлиндеги иш-чараларды уюштуруу боюнча практикалык кадамдар талкууланды. Жогорку деңгээлдеги сапарды даярдоого жана мамилелердин укуктук негизин түзүүгө тийиш болгон Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюуга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар эл аралык күн тартиби, анын ичинде Украинадагы кырдаал боюнча да пикир алмашты.

Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасы Россия жана Украина элдери менен бирдей достук мамиледе экендигин жана Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып тургандыгын белгиледи. Кыргызстан дүйнөнүн бөлүнүүсүнө жана коопсуздуктун бөлүнгүс принцибинин бузулушуна каршы экенин баса белгиледи.

Кыргыз тарап кагылышуунун алгачкы күндөрүнөн баштап кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу гана тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактап, тараптарды учурдагы форматтар иштебей калган мезгилде диалогдун жаңы механизмдерин жана форматтарын издөөгө чакырат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы мындан ары карапайым калктын курмандыктарын болтурбоо үчүн жаңжалды тез арада деэскалациялоого чакырды. Кагылышуунун катышуучуларынын ортосунда туруктуу байланыш каналын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан ушул жылдын 10-мартында Түркия Республикасынын ортомчулугу менен Анталья шаарында өткөрүлгөн Россия менен Украинанын Тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын жолугушуусун кубаттайт. Өз кезегинде кыргыз тарап болгон ортомчулуктун оң тажрыйбасын эске алып, зарыл болгон учурда сүйлөшүүлөр үчүн аянтча берүүгө даяр экендигин билдирди.

Дүйнөдөгү чыңалуунун андан ары күчөшү, анын ичинде өз ара санкцияларды киргизүү региондогу бардык өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн терс экономикалык жана гуманитардык кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн Министр Казакбаев белгиледи.

Өз кезегинде Жогорку өкүл Ж. Боррель Украинадагы гуманитардык кырдаалга тынчсыздануусун айтып, ок атышууну токтотуунун маанилүүлүгүн жана гуманитардык коридорду камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Европа дипломатиясынын башчысы Евробиримдиктин Кыргызстан менен мамилелерин өнүктүрүүгө бекем ниетин ырастады.

Еврокомиссиянын Вице-президенти Ж.Боррель санкциялардын үчүнчү өлкөлөргө кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилеп, Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн кесепеттерин жеңилдетүү жолдорун кароого Евробиримдик даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK