Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелованын Корей туризм Ассоциациясынын Президенти Юн Ён Хо мырза менен жолугушуусу болду

2019 жылдын 18 октябрында Корей туриз Ассоцияциясынын кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелованын Корей туризм Ассоциациясынын Президенти Юн Ён Хо мырза менен жолугушуусу болду. Жолугушуу учурунда туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирʏʏнʏн жолдору талкууланды.

Тактап айтканда туристтик компаниялардын ɵз ара сапарларын уюштуруу, роуд-шоу аттуу иш чараларды ɵткɵрʏʏ, туризм тармагында тажрыйба алмашуу, корей жана кыргыз тараптарынын атайын уюштурулган туристтик кɵргɵзмɵлɵргɵ жана фестивалдарга катышуусу жана башка маселелер талкууланды.

Ассоциациянын Президенти туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдɵɵ ʏчʏн Кыргыз туриз Ассоциациясы менен кызматташуу боюнча келишим тʏзʏʏнʏ сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK