Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Баткен Мамлекеттик Университетинин Ректору проф. Айдарбек Гыязов жетектеген университеттин делегациясы менен жолугушту

2021-жылдын 25-мартында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Баткен Мамлекеттик Университетинин Ректору проф. Айдарбек Гыязов жетектеген университеттин делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин Ректору А.Гыязов билим берүү жана окутуу жаатында тажрыйба алмашуу максатында ТРнын жогорку окуу жайлары менен кызматташтык мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүгүн камтыган Түркияга болгон иш сапарынын максаты жөнүндө айтып берди, ошондой эле университеттин базасында теология факультетин ачуу боюнча ниетин билдирди.

Өз кезегинде Элчи К.Өмүралиев өлкөлөрдүн илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыгы эң динамикалуу багыттарынын бири экендигин белгилеп, жогоруда айтылган пландарды ишке ашырууда ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK