Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту

2023-жылдын 28-апрелинде Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту. Жолугушуу кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» - «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун жардам менен болуп ɵттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы Консулдук агенттигинин консулу Чубак Оморов жана Элчиликтин кызматкерлери катышты.

Жолугушууга келген мекендештерди Элчи Ө.Текебаев 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады. Элчи ɵз сɵзүндɵ Германияда окуп жана иштеп жүргɵн кыргыз жаштарына ийгилик каалап, Кыргызстан менен тыгыз байланышта болууга чакырды. 

Жолугушуу учурунда Кыргызстандыктардын Германияда болушуна байланышкан ар кандай суроолор боюнча пикир алмашуу болуп ɵттү. Өзʏнʏн мыкты иш-аракети үчүн кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» - «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун жетекчиси Асель Сайраан-Дамир жана анын активдүү мүчөсү Азамат Дамир Элчиликтин Алкыш баракчасы менен сыйланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK