Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын мүчөлөрү жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын мүчөлөрү жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө КР Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директору Э.Өмүралиев өлкө жетекчилиги жана Кыргызстандын Министрлер Кабинети тарабынан инвестицияларды жана бизнести коргоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи. Бардык шайлоо процесстери жана жалпысынан 2021-жылкы саясий календарь аяктагандыгы белгиленип, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкө жетекчилигинин жана КР Министрлер Кабинетинин чечкиндүүлүгүн жетекчиликке алуу менен, күч-аракетин Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана өнөктөштөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелериндеги соода-экономикалык компонентти каныктырууга жана экономикалык дипломатияны активдештирүүгө топтоону көздөйт.

Бул контекстте Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экендиги тууралуу маалымдап, Америка соода палатасынын мүчөлөрүн конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө жана өлкөбүздүн экономикалык өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн мыкты тажрыйбаларды жана алдыңкы технологияларды пайдаланууга көңүл буруу менен мүмкүн болгон жалпылыкты биргеликте издөөгө чакырды.

Тараптар кыргызстандык компаниялардын АКШ рыногуна кирүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде АКШнын мыйзамдарында каралган ВСП боюнча жеңилдиктер маселелерин талкуулашты; ыңгайлуу транспорттук-логистикалык каттамдарды жана «Amazon» электрондук платформасы сыяктуу заманбап эффективдүү электрондук коммерция инструменттери аркылуу экспортко багытталган ата мекендик продукцияны экспорттоону илгерилетүүнүн заманбап механизмдерин колдонуу; ардактуу консулдар институту, АКШда жашаган кыргыз диаспорасынын ийгиликтүү өкүлдөрү сыяктуу экономикалык дипломатиянын потенциалын тартуу; Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү боюнча милдеттердин маанилүүлүгүн эске алуу менен, АКШнын шаарларынын/штаттарынын жана өлкөбүздүн облустарынын ортосундагы боордоштук байланыштар механизмин колдонуу зарылчылыгы сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасында жана АКШда бизнес-форумдарды, 2-Эл аралык IT EXPO көргөзмөсү сыяктуу атайын тармактык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана кыргызстандык компаниялардын Эл аралык франчайзинг көргөзмөсүнө катышуусун, ата мекендик экспорттоочулардын АКШ рыногуна кириши үчүн маалымдама иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасы менен ишмердигин АКШда жүргүзгөн Америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин ортосунда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү уюштуруу тууралуу алдын ала макулдашышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары кызматташууга дилгир экендиктерин белгилеп, бир жагынан АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жана экинчи жагынан Кыргыз Республикасынын  АКШдагы Элчилигинин, АКШда жашаган кыргыз диаспорасынын маанилүү ролун баса белгилеп, көтөрүлгөн маселелерди практикалык ишке ашыруу үчүн биргеликте күч-аракет жумшоого макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK