Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары Сагынбек Ибраев Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту

2021-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары Сагынбек Ибраев Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, туризм, киноиндустрия, айыл чарба жана башка тармактардагы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Элчи А.Димри айыл чарбасынын даяр продукциясын өндүрүү боюнча биргелешкен кооперативдерди түзүү, ошондой эле кыргыз дары өсүмдүктөрүнүн касиеттерин изилдөө жана алардын каталогун түзүү боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Директордун орун басары С.Ибраев учурдан пайдаланып, Индия Республикасынын күнү улуттук майрамы менен куттуктады. Ошондой эле,  кыргыз-индия биргелешкен долбоорлорун жүзөгө ашырууга тараптардын аракеттери жакын арада практикалык ишке ашаарына ишеним билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө, жана 2021-жылы кайчылаш Достук жана маданият жылына арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча көз караштары менен алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK