Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ менен жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 4-августунда КР Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүү динамикасы менен канааттанып, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Спикери Пак Бён Соктун Кыргызстанга болгон расмий иш сапары парламенттер аралык өз ара аракеттенүүгө жана жалпысынан кыргыз-корей эки тараптуу мамилелерине жаңы дем бергендиги шексиз экендигин белгилешти.

Эки тараптуу, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелери талкууланып, ошондой эле дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында кыргыз-корей байланыштарын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгаруу контуру белгиленди. Тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашуу маанилүү экендигине басым жасашты.

А.Мадмаров Элчи Ли Вонджэ мырзага жумушка орношууга уруксат берүү тутумунун (EPS) алкагында эмгек келишимдерди мурда алган КРдин жарандарынын Корея Республикасына кирүү маселесин оңунан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Кореянын Элчиси бул маселе Кореядагы жана Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен карала тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK