Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин жана Индия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Викас Сваруптун деңгээлинде ТИМдер аралык кыргыз-индия саясий консультациялары болуп өттү

2021-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин жана Индия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Викас Сваруптун деңгээлинде ТИМдер аралык кыргыз-индия саясий консультациялары болуп өттү.

Тараптар консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, аскер жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле консулдук кызматташуу чөйрөсүндө кеңири маселелерди талкуулашты. Инвестицияларды тартуу, долбоорлорду гранттык каражаттардын эсебинен ишке ашыруу, "Телемедицина" долбоорун кеңейтүү, Бишкектеги биргелешкен кыргыз-индия билим берүү борборун кайра калыбына келтирүү, Кыргызстанда соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу  менен эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштарды тереңдетүү зарылдыгын белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы кызматташтык маселелери да талкууланды, ошондой эле эки тарапты кызыктырган актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK