КР ТИМ Башчысынын Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы жана Сауд Арабиясынын ТИМ Башчысы менен жолугушуулары болду

2019-жылдын 25-ноябрында Сауд Арабиясынын Жидда шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков Ислам Кызматташтык Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган «Биргеликте тынчтыкка жана өнүгүүгө» аталышындагы «Алтын Юбилей» салтанаттуу аземине катышты.
Иш-чаранын алкагында Министр Ч.Айдарбеков Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Юсуф Аль-Усеймин жана Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушту.
Маектешүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Ислам Кызматташтык Уюмунун ортосундагы кызматташтыктын келечеги жана Сауд Арабия Падышалыгы менен эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK