Европа Бирлиги менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 10-жыйыны болуп өттү

2019-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Европа Бирлиги (ЕБ) менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин кезектеги 10-жыйыны болуп өттү. Жыйынга кеңештин мүчөлөрү, КР министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ЕБнын тышкы иштер жана коопсуздук саясаты  боюнча Жогорку өкүлү Ф.Могеринин сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды аткаруунун жүрүшү, ошондой эле Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасы үчүн 2014-2020-жылдарга Көп жылдык индикативдүү программасы жөнүндө маселелер каралды. Кеңештин мүчөлөрү ЕБнын КР үчүн 2021-2027-жылдарга жаңы программасын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилешти жана бир катар сунуштарды кубатташты.

Ведомстволор аралык маалыматтык алмашууну өркүндөтүүгө жана ЕБнын КРдагы программалары жана долбоорлору боюнча маалымат базасын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.  

Баңгизаттарды таркатууга каршы күрөшүү боюнча «КАДАП» Регионалдык программасынын 6-фазасын жана «БОМКА» регионалдык программасынын 9-фазасын ишке ашыруу жөнүндө маалымат угулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK