Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Элчиликтеринин, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Башкы консулдуктарынын жетекчилери менен видеоконференция форматында жыйын өткөрдү

2021-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Элчиликтеринин, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Башкы консулдуктарынын жетекчилери менен видеоконференция форматында жыйын өткөрдү. Аталган жыйындын алкагында 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын февралына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Антикризистик иш-чаралар планын жана кадамдык иш-аракеттерин жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын февралынан тартып июнга чейинки мезгилге карата Экинчи Антикризистик иш-чаралар планын 1-кварталда аткаруунун жүрүшү боюнча талкуу болду.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «эки Антикризистик планынын» негизги багыттарын жүзөгө ашыруунун артыкчылыктуу маселелери, тактап айтканда, тышкы саясий чаралар менен ички саясий жана социалдык туруктуулукту жана коопсуздукту сактоого, COVID-19га байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга көмөктөшүү маселелери каралып, талкууланды.
Жалпысынан, КРнын ТИМи жана КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан Антикризистик пландарды ишке ашыруунун алкагында 602 иш-чара уюштурулган жана өткөрүлгөн (275 – КРнын ТИМи, 327 – КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан), анын ичинде 87 иш сапар (Министр Р.Казакбаевдин, КРнын Президентинин милдетин аткаруучу Т.Мамытовдун, КРнын Премьер-министри А.Новиковдун, КРнын Президенти С.Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын февралында Россияга, ошондой эле ушул жылдын мартында Казакстанга жана Өзбекстанга болгон ж.б. иш сапарлары), 71 билдирүү/маалымат кат, 291 жолугушуу, 86 видеоконференция (ВКБ), КР Президентинин, КР Премьер-министринин, КРнын Тышкы иштер министринин, КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринин, КРнын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүнүн, КРнын Башкы консулдарынын, КРнын Убактылуу ишенимдүү өкүлдөрүнүн жана ж.б. 65 маеги жана телефондук сүйлөшүүлөрү.
Жарандарды өз мекенине кайтаруу боюнча бирдиктүү жана макулдашылган иштердин натыйжасында, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен 2020-жылы дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн жалпысынан Кыргыз Республикасынын 55192 жараны мекенине кайтарылды.
Тышкы жардамды мобилизациялоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү, атап айтканда, КРнын саламаттык сактоо системасын тест-системалары, лабораториялык анализдер үчүн реагенттер, ПТР-тесттер, жеке коргонуу каражаттары, өпкөнү жасалма желдетүү аппараттары, кычкылтек концентраторлору жана башка медициналык шаймандары менен камсыз кылынды. 
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары Кризиске каршы пландарда аныкталган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча өз иштери, ошондой эле 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору боюнча чет өлкөдө референдум өткөрүүгө даярдыктар жөнүндө маалымат беришти. 
Министр Р.Казакбаевдин жетекчилигинин алдында өткөн жыйынынын алкагында КРнын ТИМнин жана КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерине өлкөгө инвестицияларды тартуу, чет өлкөлөрдөгү жарандардын укуктарын коргоо, азык-түлүк коопсуздугун сактоо, каржылык, техникалык жана башка жардамдарды тартуу боюнча иштерди активдештирүү тапшырмасы коюлуп, ошондой эле КРнын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгенден кийин тышкы саясат ведомствосунун карамагына кирген тышкы миграция жаатындагы функциялардын алкагында КРнын ТИМнин жаңы милдеттери аныкталды. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан алдыдагы референдум учурунда чет өлкөдөгү жарандарыбыздын добуш берүү боюнча конституциялык укугун ишке ашырышын камсыз кылуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK