Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү

2021-жылдын 22-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгын карата арналган тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо Кытай коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун, Кытай заманбап эл аралык мамилелер академиясынын Евразия институтунун, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин алдындагы Евразия социалдык өнүгүү институтунун, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин алдындагы өнүгүү жана изилдөө борборунун этнос жана дин институтунун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Элчи К.Бактыгулова Кытай тарапка Кыргызстандагы ички саясий жана экономикалык кырдаал жөнүндө айтып берди. Ошондой эле кыргыз тараптын чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен достук мамилелерди өнүктүрүүдө, инвесторлордун укуктарын коргоодо жана чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылаарын тастыктады. Кытай менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги приоритеттердин бири экендиги өзгөчө белгиленди. Эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде инвестициялык кызматташуу жаатындагы практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле «Бир алкак - бир жол» демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ШКУнун алкагындагы кызматташуу, ошондой эле коронавирустук мезгилден кийинки кыргыз-кытай мамилелеринин келечегин талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, тараптар жемиштүү кызматташууну улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK