Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.А.Айдарбеков менен Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри А.Х.Камиловдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү

Ушул жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.А.Айдарбеков менен Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри А.Х.Камиловдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

    Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы аракеттенүүдө эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

    Кыргыз тарабы көрсөтүлгөн колдоону жогору бааларын жана COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн боордош өзбек элине терең ыраазычылыгын билдирерин министр Ч.Айдарбеков белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK