Министр Ж.Кулубаев ЖККУнун Башкы катчысы С.Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү

2022-жылдын 17-сентябрында Министр Ж.Кулубаев ЖККУнун Башкы катчысы С.Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.

Кыргыз тарап учурдагы абал боюнча актуалдуу маалыматтарды берип, Кыргыз Республикасынын деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Өз кезегинде ЖККУнун Башкы катчысы 2022-жылдын

14-16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуулар олуттуу тынчсызданууну жаратып жатканын белгиледи.

С.Зась адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн чыр-чатакты бир гана тынчтык жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK