Президент Садыр Жапаров Беларусь Президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти    Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK