Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча келечекке карай биргелешкен пландарды белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга карата биргелешкен чараларды көрүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK