Тажик тарабына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кезектеги протест билдирүү Нотасы тапшырылды

2020-жылдын 9-январынан 10-январына караган түнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде болгон инцидентке байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер Министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын жарандары тарабынан ок атуучу курал колдонулгандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын автотранспорттук каражаттарына таш ыргытылгандыгына байланыштуу тынчсыздануу билдирилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлү (консулу) менен сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Тажикстандын жарандары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абалды туруксуздандырууга алып келүүчү уланып жаткан деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерге байланыштуу тажик тарабына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кезектеги протест билдирүү Нотасы тапшырылды.   

Тажикстан Республикасынын жарандары тарабынан мындай аракеттерди болтурбоого көңүл бурулду жана абалды мындан ары күчөтпөө максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу талабы билдирилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK