«Екатеринбург» китепкана борборунда»«Кыргыз адабиятынын бурчу» расмий ачылды

2021-жылдын 25-мартында «Екатеринбург» китепкана борборунда» Свердлов облусунун Өкмөтүнүн, Екатеринбург администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун, Россия жана Свердлов облусунун жазуучулар Союзунун, журналисттер Союзунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук жана улуттук диаспора уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Кыргыз адабиятынын бурчу» расмий ачылды.

Бардык баяндамачылар мындай долбоорлордун Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү үчүн маанисин белгилешти.

Китепкана борборуна кыргыз жана орус тилдериндеги китептер өткөрүлүп берилди: Ч.Айтматов жана башка белгилүү кыргыз жазуучулары, «Манас» эпосунун басылмалары, кыргыз элинин элдик чыгармачылыгы жөнүндө адабияттар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана жана Гапар Айтиеватындагы Улуттук көркөм сүрөт музейи тарабынан алынган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы консулдук жана «Екатеринбург» китепкана борбору жарыялаган «Кыргызстанды сүрѳттѳѳ» чыгармачыл эмгектеринин сынагынын жеңүүчүлөрү, дипломдор жана белектер менен сыйланышты.

«Кыргыз адабиятынын бурчунун» ачылышы Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу менен «Екатеринбург китепкана борбору» Муниципалдык бюджеттик маданий мекемесинин ортосундагы 2020-жылдын 24-декабрындагы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимде каралган.

«Кыргыз адабиятынын бурчу» кыргыз-орус аймактар аралык коомдук маданий-гуманитардык байланыштарын андан ары өнүктүрүү үчүн көмөктөшүүгѳ багытталат, Екатеринбург шаарынын жана Свердлов облусунун жашоочуларын кыргыз адабияты, маданияты жана элдик чыгармачылыгы менен тааныштыруу үчүн шарт түзүү, ошондой эле Екатеринбургда жашаган кыргыз мекендештер үчүн маалыматтык-маданий ресурстук борбору болуп калат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK