Чикагодо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган тематикалык жолугушуулар өттү

2023-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунда кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери, координаторлору жана активисттери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган тематикалык жолугушуулар болуп өттү.

Бул иш-чаранын алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасынын түзүлүш тарыхын, ошондой эле Конституциянын коомдун жана мамлекеттин турмушундагы ордун талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугун ачылгандыгы үчүн жарандар Кыргыз Республикасынын Президентине жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.

Ошондой эле, жарандарга Башкы консулдуктун ишмердүүлүгү, иштеп жаткан долбоорлору жана пландары, документтештирүү, жарандык, ошондой эле чет өлкөлөрдө жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча маалыматар берилди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы кабыл алынган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK