Анкара шаарында ТМУ Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

- Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезексиз Саммитинин Анкара декларациясы

- Түрк мамлекеттеринин уюмунун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө.

Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK