Бишкек шаарында Кыргызстан менен Румыниянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кыргыз-румын саясий консультацияларынын кезектеги раунду өткөрүлдү

2023-жылдын 20-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Румыниянын Тышкы иштер министринин орун басары Юлиан Фотанын деңгээлинде кыргыз-румын саясий консультацияларынын кезектеги раунду өткөрүлдү.

Консультациялардын жүрүшүндө Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтык өз ара ишенимдин, өз ара колдоонун жана достук мамилелердин рухунда өнүгүп жаткандыгын белгилешти. Делегациялардын башчылары ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Тараптар саясий өз ара аракеттенүүнү жана байланыштарды, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттеринин жана тармактык ведомстволорунун деңгээлинде активдештирүүнү макулдашышты. 2023-2024-жылдары эки тараптуу жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарлардын мүмкүндүгүн каралып чыкты.

Соода-экономикалык байланыштарды, анын ичинде инвестициялык жана ишкердик иш-чараларды, бизнес-миссияларды уюштуруу аркылуу, ошондой эле эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу бекемдөө боюнча кылдат диалог өттү. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү, маалымат технологиялары, туризм жана «жашыл» экономиканы куруу саясаты жаатындагы кызматташтыктын келечеги өзгөчө кызыгууну жаратты.

Ошондой эле, эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө көңүл бурулду, тактап айтканда, бир катар макулдашууларга кол коюуга даярдыкты тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди - кош салык салуудан качуу, инвестицияларды коргоо жана колдоо, айыл чарба, маданият, спорт, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана башкалар. Ошондой эле, Румыниянын делегациясы консулдук маселелер боюнча сунуштарын айтышты.

Консультациялардын жүрүшүндө Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү жана БУУнун уставдык органдарына өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине токтолушту.

Аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун алкагында эки өлкөнүн дипломаттары аймактагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Кыргыз Республикасынын ЕБ менен жана Борбордук Азиянын ЕБ менен кызматташтыгы темасына кененирээк токтолду.

Консультациялардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2023-2025-жылдарга карата Биргелешкен аракеттер планына кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK