Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, скульптор Тамила Маматованын скульптураларынын жеке көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болду

2022-жылдын 15-июнунда Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, скульптор Тамила Маматованын скульптураларынын жеке көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болду.

Көргөзмө Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30-жылдыгына арналган.

Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземине скульптуралардын автору, Венгриянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, дипломатиялык корпус жана бизнес чөйрөсү катышты.

Кыргыз скульпторунун эмгектери коомчулукта зор кызыгууну туудурду. Көрсөтүлгөн экспозициялар кыргыз элинин маданиятын жана каада-салтын чагылдырат. Көргөзмө 2022-жылдын 17-июнуна чейин өтөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK