Москвада Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосу менен Көчмөндөр цивилизациясынын музейинин ачылышы болду

2023-жылдын 17-апрелинде Москва шаарында 1-Басманный көчөсүндөгү имаратта жайгашкан В.В.Жириновский атындагы Дүйнөлүк Цивилизациялар Университетинин Көчмөндөр цивилизациясы музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Кыргыз элинин искусствосун жана каада-салтын изилдөө жана жайылтуу аркылуу көчмөн маданиятын жайылтуу, маданий-агартуу иш-чаралары аркылуу мекендештерге жана башка элдердин кызыккан өкүлдөрүнө таанытууга багытталган долбоор, 2023-жылдын 6-мартында Москва шаарында өткөн Кыргыз-россия аялдарынын биринчи форумунун алкагында кол коюлган Меморандумга ылайык, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылган.

Көчмөндөр цивилизациясы музейинин башкы экспонаты – ичи толук жасалган кыргыз боз үйү. Музейдин жетекчиси болуп «Боз үй дайым биз менен» долбоорунун автору – кыргыз диаспорасынын активисти Дамира Казакпаева саналат.

Көчмөндөр цивилизациясы музейинде маданияттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экскурсиялар, «чий курчак» улуттук куурчактарын жасоо боюнча мастер-класстар, тематикалык көргөзмөлөр жана башка билим берүү жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK