Нью-Йоркто Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин 10-Обзордук конференциясы ишин баштады

2022-жылдын 1-августунда Нью-Йоркто Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин 10-Обзордук конференциясы ишин баштады. Иш-чарада 100дөн ашык мамлекеттердин делегациялары, ошондой эле эл аралык уюмдардын жетекчилери, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Атом кубаты боюнча Эл-аралык агенттигинин Башкы директору Рафаэль Гросси катышып жатышат. Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова жетектеди.

Жогорку деңгээлдеги сегменттин жүрүшүндө өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Конференциянын катышуучуларына Борбордук Азиядагы өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишимдин төрагасы катары Кыргыз Республикасынын аракеттери тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, башка өзөктүк эмес зоналар менен кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Келишимге тиешелуу терс кепилдиктер жөнүндө Протоколду ядролук куралдары бар мамлекеттер тарабынан ратификациялоону тездетүү жөнүндө маалымат берди.

Куралсызданууну жана массалык кыргын салуучу куралдарды таркатпоо маселелерин ар турдуу децгээлдеги улуттук билим беруу программаларына кошуунун маанилүү экендигин баса белгиледи. Бул контекстте кыргыз тарап БУУнун мүчө-мамлекеттерин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында Кыргыз Республикасы тарабынан сунуштала турган “Куралсыздануу жана жайылтпоо жаатындагы эл аралык агартуу күнү” аталышындагы резолюциянын долбоорун колдоого чакырды. Кыргыз Республикасы БУУнун Коопсуздук Кеңешине 2027-2028-жылдарга мүчө болуп шайланса Бул жаатта билим берүү маселеси артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калаары айтылды.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Борбордук Азиядагы өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишимге катышуучу Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Жолугушуунун алкагында Келишимдин алкагында мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Маалымат үчүн: 1970-жылдын 5-мартында күчүнө кирген Өзөктүк куралды жайылтпоо келишими азыркы өзөктүк куралды жайылтпоо режиминин негизи болуп саналат. Ядролук куралды жана курал-жарак технологиясын жайылтууга жол бербөө, ядролук энергияны тынчтык максатта пайдалануу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү Келишимдин негизги максаттары болуп эсептелет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK