Үстүбүздөгү жылдын 29-декабрында Анкара шаарында кыргыз диаспорасынын жаңы жылга карата cалтанаттуу кечеси болуп өттү
Үстүбүздөгү жылдын 29-декабрында Анкара шаарында кыргыз диаспорасынын жаңы жылга карата cалтанаттуу кечеси болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Элчиликтин кызматкерлери катышты.
Элчи Кубанычбек Өмүралиев сүйлөгөн сөзүндө келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, катышуучуларга бекем ден-соолук, ийгилик, тынчтык каалады жана биримдикке чакырды.
Салтанаттуу кечеде Кыргызстандан жана Түркиянын ар кайсыл шаарларынан келген ырчылар өнөрлөрүн көрсөтүштү.