Эр-Рияд шаарында «Digital City» (Санариптик шаар) көп функционалдуу комплексинин аймагында Кыргызстандын продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси ачылды

2022-жылдын 24-февралында Эр-Рияд шаарында «Digital City» (Санариптик шаар) көп функционалдуу комплексинин аймагында Сауд Араб Падышалыгынын Айлана чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри, кыргыз-сауд Өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли мырзанын жеке колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиядагы Элчилигинин жардамы менен Кыргызстандын продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси ачылды.

Жарманкеге Кыргызстандын ата мекендик продукциясын илгерилетүү, ошондой эле Сауд Арабиянын бизнес чөйрөсү менен инвестиция тартуу жана Кыргыз Республикасында биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн ишкердик байланыштарды түзгөн 35тен ашык кыргызстандык компаниялар катышууда.

Ошондой эле жарманкеге Кыргызстандын 11 туристтик оператору катышууда, алар туризм тармагындагы фото жана видеоматериалдарды, ошондой эле башка продуктыларын жана кызматтарын көрсөтүү менен саудиялык аудиторияга биздин республиканын туристтик потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө.

Жарманке «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин, манасчылардын, опера жана эстрада театрынын солисттеринин концерттик программалары, Кыргызстандын элдик жана колдонмо чыгармачылыгынын чеберлеринин көргөзмөлөрү, ошондой эле кийиз буюмдарын жасоо боюнча мастер-класстары менен коштолууда.

Кыргызстандын жарманкесинин ачылыш аземине Сауд Араб Падышалыгынын Айлана чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри, кыргыз-сауд Өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы А.Аль-Фадли, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов, Сауд Арабиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси И.Аль-Ради, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов жана Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин м.а. Н.Баясов катышты.

Көргөзмө-жарманкенин өтүп жатышы кыргыз элинин маданияты, каада-салты, тарыхы жана өлкөбүздүн туризм потенциалы менен таанышууга, эки өлкөнүн келечектеги соода тармагында жигердүү кызматташуусуна кошумча өбөлгө түзүүгө мүмкүнчүлүк берип, саудиялык аудиториянын жана коноктордун кызыгуусун жаратты, ошондой эле жергиликтүү жана аймактык маалымат каражаттарында, соцтармактарда кеңири чагылдырылууда.

Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан жогорудагы иш-чаралар 2022-жылдын 27-февралына чейин созулуп, Сауд Араб Падышалыгынын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын колдоосу менен уюштурулган Падышалыктын ири бизнес жана инвестициялык компанияларынын катышуусундагы кыргыз-сауд бизнес форуму менен аяктайт.

Бизнес-форумда Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин, Туризм департаментинин жана тиешелүү органдарынын жетекчилери Кыргызстандын соода-экономикалык, инвестициялык долбоорлору жана өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентацияларды уюштурат, ошондой эле жыйынтыгында B2B форматында кыргыз-сауд бизнес коомчулуктардын ортосундагы сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK